2026-жылдын 2-июлунда Кыргыз Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары – Касым Тыныстановдун, Жусуп Абдрахмановдун жана Бүбүсара Бейшеналиеванын юбилейлерине арналган жаңы почта маркаларын биринчи күндүн атайын штемпели менен салтанаттуу мөөр басуу аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Дениз Сулайманов, көрүнүктүү инсандардын урпактары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомчулук, филателисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын алкагында эки жаңы филателиялык серия расмий түрдө почта жүгүртүүсүнө киргизилди. Алардын биринчиси VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган болуп, көчмөн цивилизациясынын бай маданий мурасын, кыргыз элинин улуттук салттарын жана руханий дөөлөттөрүн чагылдырса, экинчи серия Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына, Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган.
Иш-чаранын негизги бөлүгү жаңы почта маркаларын биринчи күндүн атайын штемпели менен мөөр басуу аземи болду. Анын жүрүшүндө ардактуу коноктор жана көрүнүктүү инсандардын урпактары эстелик конверттерге кол тамгаларын коюшту.
Жаңы почта маркаларынын чыгарылышы өлкөнүн тарыхый эс тутумун сактоого, улуттук маданий мурасты кеңири жайылтууга жана ата мекендик филателияны өнүктүрүүгө багытталган.






