“Кыргыз почтасы” ААК Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин 35 жылдыгына арналган жаңы почта маркасын чыгарды. Почта маркасын мөөрлөө аземи Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясында өттү.
Аземге Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин башкы директору Алексей Бородин, Кыргыз Республикасынын Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев жана “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө юбилейлик датага арналган атайын эстелик штемпель почта маркасына басылды.
Жаңы почта маркасында Байланыш тармагындагы региондук шериктештиктин логотиби, заманбап байланыш технологияларынын символдору, «35» саны жана кыргыздын улуттук оймо-чиймелери чагылдырылган. Юбилейлик чыгарылыш Байланыш тармагындагы региондук шериктештикке мүчө мамлекеттердин биргелешкен долбоорунун алкагында чыгарылып, байланыш тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.




