2025-жылдын 28-апрелинде Бишкекте Кыргыз почтасынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.
Иш-чарада 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, жакынкы келечектеги стратегиялык артыкчылыктар белгиленди.
Жыйынга КР санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, Финансы министрлигинин, текшерүү комиссиясынын өкүлдөрү, көз карандысыз аудиторлор жана компаниянын жетекчилиги катышты. Күн тартибиндеги бардык чечимдер бир добуштан кабыл алынды.
2024-жылдагы негизги жетишкендиктер:
- Компаниянын кирешеси 2023-жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү – бул эффективдүү башкаруунун жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшүнүн натыйжасы.
-Бюджеттин киреше бөлүгү 102%га аткарылып, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу өсүү темпи 133%ды түздү. - 2022-жылга салыштырмалуу кайра иштетилген почта жөнөтүүлөрдүн көлөмү 93 эсеге өстү.
- Ири эл аралык базарлар – Ozon, AliExpress, Wildberries, Temu жана башкалар менен келишимдер түзүлдү, бул трансчек аралык электрондук коммерция тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
«Кыргыз почтасы» ААК санариптик трансформация жолу менен ишенимдүү бара жатат, кардарларга сапаттуу жана заманбап кызмат көрсөтүү максатында өзүнүн логистикалык инфраструктурасын чыңдоодо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө.






