Бишкек шаарында «Кыргыз почтасы» ААКтын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңейтилген коллегия болуп өттү.

Иш-чарага «Кыргыз почтасы» ААКтын башкы директору Марат Черикчиев, анын орун басарлары, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык филиалдардын жетекчилери болуп 60тан ашуун кызматкерлер катышты.

Коллегияда компаниянын финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү, санариптештирүү жана логистика тармагындагы жетишкендиктер, ошондой эле эл аралык маркетплейстер менен иштөөдө жаңы чечимдерди киргизүүнүн натыйжалары талкууланды.

Айрыкча, тейлөө сапатын жогорулатуу жана филиалдар арасындагы ички өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрдүн өсүшүн белгилешип, 2025-жылга карата стратегиялык багыттарды талкуулашты.

Коллегия пикир алмашуу, учурдагы натыйжаларды талдоо жана жаңы максаттарды аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду.

«Кыргыз почтасы» ААК заманбап почта инфраструктурасын өнүктүрүү жана республика боюнча көрсөтүлүп жаткан кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу багытында ишин улантат.