Бүгүн “Мен — океанмын. Адамдар мен жөнүндө кандайча жана эмне үчүн кам көрүшү керек?” темасындагы эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Бул сынак Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан уюштурулган.
Сынакка өлкө боюнча 10 миңден ашуун бала катышып, ар бир эмгек өзгөчө болгондуктан, калыстар тобу үчүн жеңүүчүлөрдү тандоо оңой болгон жок.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орун— Баханцев Вадим, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Буденовка айылы, 5-класс. Сыйлыгы: ноутбук жана диплом.
- 2-орун— Таштанбеков Нурислам, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ынтымак айылы, 4-класс. Сыйлыгы: мобилдик телефон жана диплом.
- 3-орун— Кубанова Уулай, Жалал-Абад облусу, Аксый району, Тегене айылы, 6-класс. Сыйлыгы: мобилдик телефон жана диплом.
Ал эми мыкты сүрөттөрү үчүн Canon фотоаппараты менен төмөндөгүлөр сыйланышты:
- Майрамбекова Анипа, Талас шаары, 9-класс
- Мирланова Раяна, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы, 3-класс
- Алдашев Саламат, Чүй облусу, Кемин району, Ильич айылы, 5-класс
«Кыргыз почтасы» ААК бардык жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды келе жаткан Балдарды коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Урматтуу балдар, силер — биздин келечексиңер! Табиятка болгон камкордугуңар жана жазууга болгон кызыгууңар менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө аласыңар. Бул күн силер үчүн жаркын, жылуу жана шыктандыруучу болуп эсиңерде калсын!









