Алматы шаарында “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 20 жылдыгына арналган эстелик почта маркасына атайын мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш-чара ЕӨБдүн Жылдык жыйынынын жана Бизнес-форумунун алкагында өтүп, юбилейлик марканын почта жүгүртүүсүнө расмий чыгарылышын белгиледи.

Аземдин жүрүшүндө марканын биринчи нускасына чыгарылган күндү чагылдырган атайын эстелик мөөр басылды. Юбилейлик марка Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүктүн символу болуп саналат. Кыргызстан банкка 2011-жылдан бери мүчө.

Эстелик почта маркасынын чыгарылышы “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын дагы бир жолу айгинелеп, филателиянын тарыхый окуяларды даңазалоодогу жана мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодогу маанилүү ролун белгилейт.