“Кыргыз почтасы” ААК Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун (БДПУ) Эл аралык бюросунун көмөгү менен Япониянын MIC Future Together фондунан 70 миң швейцариялык франк өлчөмүндө гранттык колдоо алды. Бул колдоо тууралуу келишим 2025-жылы “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев менен БДПУнун Эл аралык бюросунун башкы директору Масахико Метокинин жолугушуусунда жетишилген. Грант почта логистикасын санариптештирүүгө жана чек ара аралык электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууга арналган.
2026-жылдын 15-октябрында Кыргызстанга жабдуулардын алгачкы партиясы жеткирилди. Анын курамында 80 даана компьютердик жабдуу жана 26 даана термопринтер бар. Жабдуулар “Кыргыз почтасы” ААКнын почта бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, жумуш орундарын жаңылоого, иш процесстерин автоматташтырууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталат. Долбоордун кийинки этабында видеобайкоо камераларын жеткирүү да күтүлүүдө. Жабдууларды сатып алуу иштери Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) катышуусунда жүргүзүлдү.
Жаңы жабдуулар кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртып, почта кызматтарын калк үчүн ыңгайлуу жана ыкчам кылууга шарт түзөт. Долбоор почта тармагын жаңылоого, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактарындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга маанилүү кадам болуп саналат. “Кыргыз почтасы” ААК Япониянын MIC Future Together фондуна, БДПУнун Эл аралык бюросуна жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨПкө долбоорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.








