Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата, «Кыргыз почтасы» ААК «Российская газетасы» менен биргеликте, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу жана демөөрчүлөрдүн катышуусу менен, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары болгон 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларына арналган эскерүү почта маркаларынын сериясын чыгарды.

Бул маркалардын салтанаттуу гашение аземи 23-апрелде Кыргыз-Орус Славян университетинин чоң жыйындар залында болуп өттү.

Иш-чарага ардагерлер, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана ардактуу коноктор катышты.

Долбоордун максаты — Жеңишке өзгөчө салым кошкон баатырлардын элесин түбөлүккө сактоо жана жаш муундарды патриоттук тарбиялоого багытталган.

Бул маркалардын бир бөлүгү 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш Парадынын катышуучуларына тапшырылат.

«Кыргыз почтасы» ААК мындай маанилүү долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн сыймыктанат жана тарыхый эстеликтерди сактоо боюнча демилгелерди колдоону улантат.