“Кыргыз почтасы” ААК жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жарыяланган жаштар арасындагы эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын 1-этабы жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандагы баардык шаардык райондук жана айылдык мектептеринен сынакка катышкан окуучулардын дилбаяндары каралып, жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар акыркы коңгуроо күнүнүнө арналган аземде тапшырылды.

Сынактын 2-этабы Республикалык деңгээлде 9-октябрь Бүткүл дүйнөлүк почта күнүнө карата өткөрүлөт. Анда байгеге ээ болгон окуучуларга баалуу белектер тапшырылып, Республикалык деңгээлде биринчи орунду алган окуучунун дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна дүйнөлүк масштабдагы сынакка катышуу үчүн жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек эпистолярдык дилбаян жазуу “жаштардын жазуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү жана сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү”-максатында жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен өткөрүлөт. Кыргызыстанда быйыл бул сынакка 9 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары “Келечек муундарга, мурас катары калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жазыңыз”-деген темада дилбаян жазып катышышты.