10-апрелде Астанада логистика жана почта тармагы үчүн маанилүү болгон, «Казпочта» АК тарабынан уюштурулган, биринчи Борбордук Азия почта саммити өттү. Саммит учурдагы чакырыктарды талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн Борбордук Азиядагы алдыңкы эксперттерди жана улуттук почта операторлорунун жетекчилерин чогултту.

Иш-чарага «Кыргыз почтасы» ААКтын атынан башкы директордун орун басары Назгүл Акунова катышты. Саммиттин алкагында чек ара логистикасы тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду. Документке «Казпочта» АК башкармалыгынын төрайымы Асел Жанасова менен Назгүл Акунова кол коюшту.

Меморандумга кол коюу өнөктөштүктү бекемдөөгө жана почта жана логистика тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай маанилүү кадам болду. Тараптар логистикалык процесстерди оптималдаштыруу, электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана инновациялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөө боюнча милдеттенмелерин ырасташты.

Кыргыз почтасы мындай диалог аянтчаларына катышуу туруктуу өнөктөштүктү калыптандырууга жана региондо эффективдүү почта инфраструктурасын түзүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенет.