Кыргызстандын биринчи музейи М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган почта маркаларынын юбилейлик сериясына мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш-чара “Кыргыз почтасы” ААК менен биргеликте Маданият министрлигинин, музейдин, почтанын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Юбилейдик серияга музейдин тарыхына жана Михаил Васильевич Фрунзенин жашоосуна арналган тогуз марка кирген. Маркаларда Фрунзенин портрети, музейдин имараты жана маанилүү тарыхый окуялар тартылган. Маркалардын бири ошондой эле музейди “Элдер достугу” ордени менен сыйлоого арналган.

Иш-чаранын алкагында куттуктоо сөздөрү айтылып, юбилейлик конверттерге мөөр басылды. Жаңы чыгарылыш тарыхый эс тутумду сактап калуунун жана Кыргызстандын маданий мурасын чагылдыруунун дагы бир жолу болуп калды.