“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери сергек жашоо образында.

“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери сергек жашоо образында.

Жанылыктар
Калк арасында сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу максатында бүгүн Бишкек шаарында «ONE RUN-2024» эл аралык жарым марафону болуп өттү. Марафон эртең мененки саат 7де Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталган. Болжол менен 2000ден ашуун адам катышкан бул иш чарага “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери дагы катышышты. Алар 21,1км, 10км, 5км чакырым аралыкта күч сынашышып, медальдар менен сыйланышты.Жарым марафонду Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, «Run the Silk Road» эл аралык марафонунун дирекциясы, КРнын жеңил атлетика федерациясы жана спорттук массалык иш чаралардын уюштуруучусу -"Баатырлар Лигасы" уюштурган.Белгилей кетсек жарым марафон бир эле учурда Египетте, Бразилияда, Камерунда, Катарда, Кытайда, Бахрейнде, БАЭде, Сербияда, Түркияда, Орусиянын 89 аймагында, Беларуста, Тажикстанда, Кытайда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө өтөрү белгиллүү болгон.
Подробнее
«Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн аймактык семинарга катышышууда.

«Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн аймактык семинарга катышышууда.

Жанылыктар
13-майда “ операциялык эффективдүүлүктү жогорулатуу жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү”- боюнча аймактык семинар Өзбекистандын Ташкент шаарында өз ишин баштаган. Бул (ORE 3) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн почта коопсуздугу боюнча өткөрүлгөн экинчи семинар. Семинарга “Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү да катышышууда.Семинардын катышуучулары төмөнкү темаларды талкуулашат:🔹 дайындалган операторлор тарабынан ORE долбоорунун улуттук жол карталары жана иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу абалы,🔹катышууга дайындалган операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо жана сапатын жогорулатуу боюнча аныкталган көйгөйлөрдү талкуулоо,🔹продукт интеграциялык планы жана физикалык кызматын өнүктүрүү,🔹жалпы коопсуздук чаралары, S58/S59 стандарттарын ишке ашыруу,🔹киберкоопсуздук🔹бажы жана укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу.Белгилей кетсек семинарга Дүйнөлүк почта Бирлигинин, регионалдык байланыш Шериктештиги, "ПостЕвропа" почта операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия почта кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 16-майда жыйынтыкталат.
Подробнее
Кыргыз почтасынын желеги “Комсомолец” чокусунда желбиреди.

Кыргыз почтасынын желеги “Комсомолец” чокусунда желбиреди.

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнун инвестиция жана өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери Рустам Ускенбаев 1-майда Кыргыз почтасынын желегин деңиз деңгээлинен 4202метр бийиктикте жайгашкан “Комсомолец” чокусунда желбиретти. Рустам буга чейин альпинизм менен алектенген эмес. Бул анын багындырган биринчи чокусу.Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясы жыл сайын Бишкек шаарында май айынан баштап альпиниада өткөрөт. Ал Комсомолец чокусуна массалык көтөрүлүш менен башталат. Бул жылы Рустам Ускенбаев федерацияга мүчө болууну чечкен. Анын айтымында даярдыксыз чокуга чыгуу оңой болгон эмес, бирок аны багындырган өзгөчө ырахат жана өзүнө болгон ишенимди тартуулаган. Мындан ары альпинизм менен кызуу алектенип, кыргыз почтасынын желегин мындан да бийик чокуларда желбиретүүнү максат кылганын кошумчалады.
Подробнее
«Кыргыз почтасы»: MEGA&RSK Банк менен өнөктөштүк жана улуттук маркетплейстин пайдубалын түптөө.

«Кыргыз почтасы»: MEGA&RSK Банк менен өнөктөштүк жана улуттук маркетплейстин пайдубалын түптөө.

Жанылыктар
MEGA & RSK Банктын кызматташуусу GovFinTech экотутумун өнүктүрүү боюнча кезектеги өнөктөштүккө чыйыр салды, тактап айтканда, «Кыргыз почтасы» ААК менен алака түздү. Ресурстарды бириктирүү, анын негизги компоненттерин: улуттук рынокту, почта жана логистикалык инфраструктураны түзүүнү тез ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда финтех өнүмдөрүн гана эмес, электрондук коммерцияны да туруктуу өнүктүрүүгө басым жасалмакчы. Кызматташуу долбоорунун кеңсесинде белгиленгендей, бул өнөктөштүк кызматташтыктын ар бир негиздөөчү компаниясынын санариптик экотутумдарын бекемдөө жана «Кыргыз почтасынын» санариптик трансформациясын тездетүү максатында иштелип чыкты.
Подробнее
Кыргызстандагы бизнестин келечеги маркетплейстерде.

Кыргызстандагы бизнестин келечеги маркетплейстерде.

Жанылыктар
28-апрель Бишкек шаарында электрондук коммерцияга көмөк көрсөтүү, ишкерликти онлайн тармагында өнүктүрүүгө дем берүү, экспортту ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү B2B жана B2C платформасы аркылуу ишке ашырууну өнүктүрүу максатында Кыргызстандагы электрондук коммерцияга арналган кезектеги бизнес форум өткөрүлдү. Иш чара Табарман “Кей Джи”ЖЧКнын колдоосу менен “Кыргыз почтасы” ААК, Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Иш чарада маркетплейстердеги бизнестин маанилүү аспектилерине, көйгөйлөрүнө, келечегине жана тренддерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын алкагында товар өндүрүүчүлөрдүн, банк, логистика жана башка айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүчү компаниялардын көргөзмөсү да болду. Форумдун жыйынтыгы боюнча электрондук коммерция рыногунда иштеп жаткан ишкерлерге жана компанияларга номинациялар тапшырылды.
Подробнее
Кыргызстанда автомобилдерди куроочу завод ачылат.

Кыргызстанда автомобилдерди куроочу завод ачылат.

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК, “Нарын” ЭЭА жана “Кашгар” ЭЭА ортосунда түзүлгөн “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында Нарын облусуна автомобилдерди курай турган завод ачылат. Заводду ачуу иштерин баштоо үчүн Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев ортосундагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду. Авто машина курай турган заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр 24-апрель “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы кеңсесинде 25-апрель Нарын жергесинде уланып, натыйжада Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытай инвесторлоруна Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод кура турганга ылайыктуу жер тилкелери каралууда. Жери аныкталса завод куруу иштери башталат. Завод курулуп бүтсө Кыргызстандын бренд белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автомашиналар куралып чыга баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейинки…
Подробнее
Состоялось годовое Общее собрание акционеров ОАО «Кыргыз почтасы»

Состоялось годовое Общее собрание акционеров ОАО «Кыргыз почтасы»

Жанылыктар
25-апреля 2024-года состоялось годовое общее собрание акционеров ОАО “Кыргыз почтасы”. В заседании приняли участие представители Министерства цифрового развития Кыргызской Республики и Министерства финансов Кыргызской Республики, являющиеся акционерами почты. Генеральный директор ОАО «Кыргыз почтасы» Марат Черикчиев выступил с докладом о проделанной работе на 2023 год. На общем собрании в соответствии с повесткой дня был рассмотрен ряд вопросов, которые были единогласно приняты акционерами, в том числе решение о переназначении генерального директора ОАО «Кыргыз почтасы» Марата Черикчиева, а также оставление полученной по итогам финансово-хозяйственной деятельности в 2023 году прибыли на развитие почтовой сети.
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

Жанылыктар
20-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына жана 1-май эмгекчилер күнүнө арналган мамлекеттик ,муниципиалдык кызматкерлеринин арасындагы “Манас” кубогунун мини-футбол боюнча турнири болуп өттү. Турнир Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган. Иш чарага 36 команда-Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, министрликтердин, мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү, журналисттер жана “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери да катышышты.Мамлекеттик мекемелердин профсоюзунун Борбордук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей футбол эмгек жамааттарын жана спорттук командаларды бириктирүү максатында уюштурулган жана мындан ары да улантыла бермекчи.
Подробнее
Кашгарда «Кашгар» бонд зонасында индустриалдык парктын ачылышы болду.

Кашгарда «Кашгар» бонд зонасында индустриалдык парктын ачылышы болду.

Жанылыктар
Кашгарда «Кашгар» бонд зонасында индустриалдык парктын ачылышы болду.Буга чейин 2023-жылдын декабрь айында «Кыргыз почтасы» ААК, «Нарын» жана «Кашгар» эркин экономикалык аймактары жана Янтянь порт инвестициялык компаниясынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча төрт тараптуу макулдашууга кол коюлган. Бул келишимдин алкагында 24-январдан тарта Кашгар Экономикалык өнүгүү аймагынын “Эки өлкө, эки парк” долбоору расмий түрдө ишке кирди.“Эки өлкө – эки парк” долбоору – Кашкар комплексинин жабык зонасы менен Кыргызстандын Нарын облусунун эркин экономикалык аймагынын ортосундагы аймакта түзүлгөн индустриалдык парк. Бул долбоор “платформа + парк” жана “мекеме + ишкана” өнүктүрүү моделин ишке ашыруу боюнча пионердик изилдөө, ошондой эле алмашуу жана ачыктык үчүн пионердик демилге болуп саналат. Ошентип, эки тарап тең бири-бирин толуктаган тармактар, өз ара байланышкан объектилер жана өз ара пайдалуу саясаттар менен эл аралык кызматташуу платформасынын иштешин, импорттолуучу жана экспорттолуучу товарлардын категорияларын жана…
Подробнее

12-ФЕВРАЛЬ, 2024-ЖЫЛЫ ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ! ЖЫЛ САЙЫН ДҮЙНӨЛҮК ПОЧТА БИРЛИГИНИН (ДПС) КОЛДООСУ АСТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК ЭПИСТОЛЯРДЫК ЖАЗУУ ЖАЗУУ КОНКУРСУ ӨТӨТ.

Жанылыктар
12-Февраль, 2024-жылы дилбаяндар сынагы башталды! Жыл сайын Дүйнөлүк почта Бирлигинин (ДПС) колдоосу астында эл аралык эпистолярдык Жазуу Жазуу конкурсу өтөт. Дил баяндар сынагын " Кыргыз почтасы "ААК улуттук деңгээлде КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрөт. Эссе конкурсунун шарттары: "150 жылдан бери ДББ дүйнө жүзү боюнча сегиз муундан ашык адамга кызмат кылып келет. Ошондон бери дүйнө абдан өзгөрдү. "Келечек муундарга мураска калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жаз". Жеңүүчүлөргө 1-орун – ноутбук, 2-орун – планшет, 3-орун — уюлдук телефон берилет. Ошондой эле байге фондунда 2000, 1500, 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар каралган. Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөр керек: - Кыргызстанда жашаган 9-15 жаштагы бала болуу; - 2-жылдын 2024-апрелине чейин жашаган жериңиздеги Почта бөлүмү аркылуу дилбаян жазып, жөнөтүңүз; - Дилбаянды кагазга кол менен жазып, дилбаянды ушундай жол менен иштеп чыгуу…
Подробнее

“КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ”ААКНЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮ ҮЧҮН КОМИССИЯДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Жанылыктар
«Кыргызтелеком» ААКтын кызматтары үчүн комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилди «Кыргыз почтасы» ААКсы менен «Кыргызтелеком» ААК ортосунда келишим кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2024-жылдын 1-мартынан баштап бардык («Интернет Кыргызтелеком», «Интернет JET», «Телефон Кыргызтелеком»)салыктарды жана жыйымдарды кошкондо 5 сом өлчөмүндө комиссия алынат.
Подробнее