«Каржы секторун өнүктүрүү» долбоору тууралуу маалымат

«Каржы секторун өнүктүрүү» долбоору тууралуу маалымат

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 11-июлунда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (мындан ары — Дүйнөлүк банк) «Каржы секторун өнүктүрүү» (ПРФС P125689) долбоорун ишке ашырууну каржылоо үчүн кредит жана грант алган. Долбоордун негизги компоненти катары (2-компонент) — «Кыргыз Почтасынын» (КП) филиалдык тармагы аркылуу каржылык кызматтарды кеңейтүү каралган. Бул компонент учурдагы почта кызматын экономикалык жактан натыйжалуу, негизги каржылык кызматтарды көрсөтүүчү каналга айландырууга шарт түзөт, бул кызматтар калктын жакыр катмарына жана айылдык жамааттарга жеткиликтүү болушу үчүн багытталган. Азыркы учурда «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы көрсөткөн каржылык кызматтар негизинен ички акча төлөмдөрү жана төлөмдөрдү кагаз жүзүндө иштетүү менен чектелет. Бул кызматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: мамлекеттик пенсиялар жана социалдык камсыздоо (жардамдар) боюнча акча каражаттарын бөлүштүрүү; коммуналдык кызматтар, телекоммуникация компаниялары, салыктар, Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча айыппулдар жана мектеп акысы үчүн накталай акча чогултуу; ички жана эл аралык почта акча которуулары…
Read More