ААК «Кыргыз почтасы» менен ТЕМУ стратегиялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты
«Кыргыз почтасы» ААКтын борбордук кеңсесинде TEMU эл аралык электрондук соода платформасынын өкүлдөрү менен кызматтык жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы эки тараптуу кызматташууну талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү болду.Иш сапардын алкагында ТЕМУнун делегациясы Кыргыз почтасынын логистикалык инфраструктурасы жана логистикалык борбору менен таанышты. Конокторго эл аралык почта жөнөтмөлөрүн жеткирүү тармагындагы заманбап технологиялар көрсөтүлдү.Жолугушууга компаниянын вице-президенти Чен Цзякун жана TEMUнун аймактык директору Ян Фан катышты. «Кыргыз почтасынын» атынан сүйлөшүүлөрдү компаниянын негизги өкүлдөрү менен бирге башкы директор Марат Черикчиев алып барды.Тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн багыттарын, анын ичинде трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү, биргелешкен логистикалык демилгелерди, ошондой эле Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө кардарлар үчүн жаңы кызматтарды киргизүүнү талкуулашты.TEMU менен биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу буйрутмаларды жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартат, логистикалык процесстерди оптималдаштырат жана дүйнөлүк онлайн рынокто товарларга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.Дүйнөлүк электрондук коммерциянын…







