«Кыргыз почтасы» ААК Янтянь порту менен чек ара соодасын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты
2024-жылдын 20-ноябрында «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Янтянь Портунун президенти Шен мырза менен маанилүү жолугушуу болуп өттү. Кашкар шаарында өткөн жолугушууда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы логистикалык каттамдарды жакшыртуу келечеги, ошондой эле Фергана өрөөнүндөгү жана Европадагы башка өлкөлөр менен түз байланышты камсыздай турган транспорт коридорлорун мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын аймагында логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде жүк ташууларды оптималдаштыруу үчүн иштеп жаткан объекттерди модернизациялоо жана жаңы транспорттук түйүндөрдү түзүү маселелерине бурулду. Тараптар чек ара соодасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди жана Янтянь порту аркылуу Борбор Азиядан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн товарларды чыгаруунун келечегин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө порттун ЕАЭБ, Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы логистикалык агымдарды жакшыртуу жана соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Марат Черикчиев Шен мырзага…







