Кыргыз почтасына келип түшкөн «Өзүңүздү океан деп элестетиңиз» темасындагы дилбаяндарды атайын түзүлгөн комиссия текшерүүдө
Бүткүл дүйнөлүк Почта Союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган мектеп окуучулары арасында дил баян жазуу сынагына каттарды кабыл алуу 2025-жылдын 7-апрелинде токтотулган. Учурда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жазган дилбаяндар атайын дайындалган комиссия тарабынан текшерилүүдө. КР боюнча жалпысынан 5000ге жакын “Өзүңүздү океан деп элестетиңиз”- темасында жазылган каттар кыргыз почтасына келип түшкөн. Белгилей кетсек сынактын райондук деңгээлдеги жыйынтыгы 2025-жылдын 25-майына чейин аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ал эми Республикалык деңгээлдеги жыйынтык 9-октябрь Дүйнөлүк почта күнүнө карата аныкталып, анда 1-чи, 2-чи жана 3-чу орун ээлерине баалуу белектер «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан тапшырылат.








