Бишкек шаарында алгачкы жолу Кыргызстандын маркетплейстеринин форуму болуп өттү

Бишкек шаарында алгачкы жолу Кыргызстандын маркетплейстеринин форуму болуп өттү

Жанылыктар
Бүгүн, 2025-жылдын 23-майында Бишкек шаарында Кыргызстандын маркетплейстеринин биринчи Форуму болуп өттү. Бул иш-чара «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан Кыргыз Республикасынын Чек ара электрондук соода жана логистика ассоциациясы менен биргеликте, Министрлер Кабинети карамагындагы Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын колдоосу менен уюштурулду. Форум өлкөдө электрондук сооданы, логистиканы жана санариптик экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган маанилүү аянтчага айланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, логистикалык компаниялардын, банк секторунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун негизги максаты – Кыргызстанда заманбап электрондук соода экосистемасын түзүүгө, улуттук маркетплейстерди жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кыргыз товарлары менен кызматтарын ички жана эл аралык рынокторго чыгарууну колдоо болду. Бул форум санариптик экономикада кызматташтыкты чыңдоодо жана кыргыз продукциясын илгерилетүүдө маанилүү кадам болду. «Кыргыз почтасы» ААК өлкөдө заманбап логистика менен электрондук сооданын өнүгүшүнө салым кошууну улантат.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК эпистолярдык жанрдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктады

«Кыргыз почтасы» ААК эпистолярдык жанрдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Жанылыктар
Бүгүн “Мен — океанмын. Адамдар мен жөнүндө кандайча жана эмне үчүн кам көрүшү керек?” темасындагы эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул сынак Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан уюштурулган. Сынакка өлкө боюнча 10 миңден ашуун бала катышып, ар бир эмгек өзгөчө болгондуктан, калыстар тобу үчүн жеңүүчүлөрдү тандоо оңой болгон жок. Жеңүүчүлөр: 1-орун— Баханцев Вадим, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Буденовка айылы, 5-класс. Сыйлыгы: ноутбук жана диплом. 2-орун— Таштанбеков Нурислам, Ысык-Көл облусу, Түп району, Ынтымак айылы, 4-класс. Сыйлыгы: мобилдик телефон жана диплом. 3-орун— Кубанова Уулай, Жалал-Абад облусу, Аксый району, Тегене айылы, 6-класс. Сыйлыгы: мобилдик телефон жана диплом. Ал эми мыкты сүрөттөрү үчүн Canon фотоаппараты менен төмөндөгүлөр сыйланышты: Майрамбекова Анипа, Талас шаары, 9-класс Мирланова Раяна, Нарын облусу,…
Read More
Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Жанылыктар
Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларынын арасында эпистолярдык жанр боюнча эл аралык сынактын райондук этабын өткөрдү.Бүгүн Аламүдүн районунда «Өзүңдү океан деп элестет, эмне үчүн жана кантип сага кам көрүшү керек экенин түшүндүрүп кат жаз» деген темада сынактын жыйынтыгы чыкты.Сынакка Аламудун районундагы 15 мектептин окуучулары активдуу катышты.Натыйжада: 1-орун - 1 катышуучу 2-орун - 2 катышуучу 3-орун - 2 катышуучуАларга акчалай сыйлыктар жана «Кыргыз почтасы» ААКтын Аламүдүн райондук филиалынын Ардак грамоталары тапшырылды.Кошумча: 10 катышуучу акчалай сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болду Активдүү катышкандыгы үчүн 13 окуучу Ардак грамоталар менен сыйланыштыСыйлык тапшыруу аземи Аламүдүн райондук администрациясынын чоң залында өттү.
Read More
Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Эл аралык дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы Аламүдүн районунда чыгарылды

Жанылыктар
Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларынын арасында эпистолярдык жанр боюнча эл аралык сынактын райондук этабын өткөрдү. Бүгүн Аламүдүн районунда «Өзүңдү океан деп элестет, эмне үчүн жана кантип сага кам көрүшү керек экенин түшүндүрүп кат жаз» деген темада сынактын жыйынтыгы чыкты. Сынакка Аламудун районундагы 15 мектептин окуучулары активдуу катышты.Натыйжада: 1-орун - 1 катышуучу 2-орун - 2 катышуучу 3-орун - 2 катышуучу Аларга акчалай сыйлыктар жана «Кыргыз почтасы» ААКтын Аламүдүн райондук филиалынын Ардак грамоталары тапшырылды. Кошумча: 10 катышуучу акчалай сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болду Активдүү катышкандыгы үчүн 13 окуучу Ардак грамоталар менен сыйланышты Сыйлык тапшыруу аземи Аламүдүн райондук администрациясынын чоң залында өттү.
Read More
Кыргыз почтасы Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик почта башкармалыгы менен кызматташтыкты чыңдоодо

Кыргыз почтасы Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик почта башкармалыгы менен кызматташтыкты чыңдоодо

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик почта башкармалыгынын башкы директорунун орун басары (вице-министр) Лю Цзюнь мырза жана анын делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда чек аралык сооданы өнүктүрүү, электрондук соода рыногу, Дүйнөлүк почта союзунун алкагындагы кызматташтык жана алдыдагы Дүйнөлүк почта конгрессине даярдык маселелери талкууланды. Айрыкча көңүл «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда ачыла турган жаңы почта алмашуу түйүнүнүн ачылыш аземине бурулду. Бул түйүн кыргыз-кытай чек арасы аркылуу почта жөнөтмөлөрүнүн үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыздайт. Мындан тышкары, Кытай делегациясы логистикалык борбордогу жаңы орнотулган сорттоо линиясынын иши менен таанышты. Почта жана логистика тармагындагы кызматташтык мындан ары да кеңейип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Read More
Кыргыз почтасы: Эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жолунда

Кыргыз почтасы: Эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жолунда

Жанылыктар
Европа жана КМШ аймагындагы почта лидерлеринин «Жаңы горизонттор: электрондук коммерцияны өнүктүрүү, инновациялар жана жеткирүү чынжырларын өркүндөтүү аркылуу келечектеги мыктылыкка жетүү» форумунун алкагында, «Кыргыз почтасы» ААК менен Тажикстандын Мамлекеттик унитардык ишканасы «Почтаи Точик» кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту. Бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, электрондук кызматтарды өнүктүрүүгө жана логистикалык чечимдерди өркүндөтүүгө багытталган. Биргелешкен аракеттер заманбап, ыңгайлуу жана ишенимдүү почта кызматтарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Меморандумга Тажикстандын «Почтаи Точик» МУИнин башкы директору Мирзозода Сайдали Саид жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Назгүл Акунова кол коюшту. «Кыргыз почтасы» ААК эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү улантып, инновацияларды киргизүүгө жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга умтулат.
Read More
Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери Ташкентте экскурсияда

Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери Ташкентте экскурсияда

Жанылыктар
7-май Байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Кыргыз почтасы» ААКтын Кадамжай райондук филиалынын кызматкерлери үчүн Ташкент шаарына экскурсия уюштурулду. Сапардын алкагында алар АК "Узпочта"нын башкы почтамтында өз үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына почта аркылуу кат жөнөтүп, кардар катары кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышты. Алар маркалар менен открыткаларды сатып алып, жөнөтүү процессин өз көздөрү менен көрүштү. Бул иш-чара кызматкерлердин кесиптик тажрыйбасын кеңейтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК кызматкерлери Ысык-Көлдөгү Run the Silk Road марафонуна катышты

«Кыргыз почтасы» ААК кызматкерлери Ысык-Көлдөгү Run the Silk Road марафонуна катышты

Жанылыктар
Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык ШКУ Run the Silk Road марафонуна дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн 3 000ге жакын спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышты. Жарыш Ысык-Көлдүн кооз жээгинде, деңиз деңгээлинен 1 600 метр бийиктикте өттү. «Кыргыз почтасы» ААКнын кызматкерлери бул ири спорттук иш-чарага активдүү катышышты. Айрыкча, биздин кесиптешибиз Максат Омуралиевдин 10 км скандинавиялык басуу дисциплинасында үчүнчү орунду ээлеши биз үчүн чоң сыймык. Биз Максатты бул жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бардык кызматкерлерибизге спортко болгон кызыгуусу жана дени сак жашоо образын карманганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин мисал компаниябыздын командалык рухун бекемдеп, башкаларга дем берет.
Read More
Кыргыз почтасына келип түшкөн «Өзүңүздү океан деп элестетиңиз» темасындагы дилбаяндарды атайын түзүлгөн комиссия текшерүүдө

Кыргыз почтасына келип түшкөн «Өзүңүздү океан деп элестетиңиз» темасындагы дилбаяндарды атайын түзүлгөн комиссия текшерүүдө

Жанылыктар
Бүткүл дүйнөлүк Почта Союзунун демилгеси менен «Кыргыз почтасы» ААК КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган мектеп окуучулары арасында дил баян жазуу сынагына каттарды кабыл алуу 2025-жылдын 7-апрелинде токтотулган. Учурда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жазган дилбаяндар атайын дайындалган комиссия тарабынан текшерилүүдө. КР боюнча жалпысынан 5000ге жакын “Өзүңүздү океан деп элестетиңиз”- темасында жазылган каттар кыргыз почтасына келип түшкөн. Белгилей кетсек сынактын райондук деңгээлдеги жыйынтыгы 2025-жылдын 25-майына чейин аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Ал эми Республикалык деңгээлдеги жыйынтык 9-октябрь Дүйнөлүк почта күнүнө карата аныкталып, анда 1-чи, 2-чи жана 3-чу орун ээлерине баалуу белектер «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан тапшырылат.
Read More
«Кыргыз почтасы» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын кеңейтилген коллегияда чыгарды

«Кыргыз почтасы» ААК 2024-жылдын жыйынтыгын кеңейтилген коллегияда чыгарды

Жанылыктар
Бишкек шаарында «Кыргыз почтасы» ААКтын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңейтилген коллегия болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз почтасы» ААКтын башкы директору Марат Черикчиев, анын орун басарлары, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык филиалдардын жетекчилери болуп 60тан ашуун кызматкерлер катышты. Коллегияда компаниянын финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү, санариптештирүү жана логистика тармагындагы жетишкендиктер, ошондой эле эл аралык маркетплейстер менен иштөөдө жаңы чечимдерди киргизүүнүн натыйжалары талкууланды. Айрыкча, тейлөө сапатын жогорулатуу жана филиалдар арасындагы ички өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрдүн өсүшүн белгилешип, 2025-жылга карата стратегиялык багыттарды талкуулашты. Коллегия пикир алмашуу, учурдагы натыйжаларды талдоо жана жаңы максаттарды аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду. «Кыргыз почтасы» ААК заманбап почта инфраструктурасын өнүктүрүү жана республика боюнча көрсөтүлүп жаткан кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу багытында ишин улантат.
Read More