Министрлер Кабинетинин Төрагасы Германиядагы “Кыргыз почтасынын” логистикалык борборуна барды
Федеративдүү Германия Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарында жаңыдан ачылган “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык почта алмашуу борборуна баш бакты. Сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев борбордон Кыргызстандын балдар үйүнүн тарбиялануучуларына арналган 50 белек топтомун жөнөттү. Посылкаларга китептер, өнүктүрүүчү оюндар, мектепке керектүү жабдыктар жана таттуулар салынган. Ал мындай демилгелер балдарга кубаныч тартуулап гана тим болбостон, жаңы эл аралык логистикалык чечимдердин натыйжалуулугун да көрсөтөрүн белгиледи. Министрлер Кабинетинин жетекчилигине борбордун иши — эл аралык жөнөтмөлөрдү техникалык иштетүү процесси, сорттоо тутуму, логистикалык чечимдер жана ыкчам жеткирүүнү камсыздоодогу ыкмалар көрсөтүлдү. Берлиндеги логистикалык борбордун ачылышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана эл аралык электрондук соодадагы позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.




















































































































