Кыргыз почтасына келген дилбаяндар текшерилүүдө

Кыргыз почтасына келген дилбаяндар текшерилүүдө

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган балдар арасында дилбаян жазуу сынагына каттарды кабыл алуу 22-октябрда токтотулган. Учурда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр жазган дилбаяндар атайын дайындалган комиссия тарабынан текшерилүүдө. КР боюнча жалпысынан 1500ге жакын “Баланын күнүмдүк укуктары”- темасында жазылган каттар кыргыз почтасына келип түшкөн. Белгилей кетсек сынактын жыйынтыгы 2024-жылдын 20-ноябрында “Бүткүл дүйнөлүк балдардын укуктары”- күнүнө карата чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат. Анда 1-2-3- орун ээлерине баалуу белектер ЮНИСЕФ тарабынан тапшырылат.
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААК техникалардын көргөзмөсүндө жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу жана логистикалык автобустарын көрсөттү

«Кыргыз почтасы» ААК техникалардын көргөзмөсүндө жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу жана логистикалык автобустарын көрсөттү

Жанылыктар
Бүгүн 14-ноябрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары республикалык бюджеттин эсебинен министерстволор жана ведомстволор үчүн сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө барышты. Көргөзмө Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында уюштурулган. Анда «Кыргыз почтасы» ААКтын кытайлык инвесторлор менен биргеликте алынган жүргүнчүлөрдү жана почта жүктөрүн ташуучу автобустарыда көрсөтүлдү.
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Швейцарияда ДПУнун семинарына катышты

«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Швейцарияда ДПУнун семинарына катышты

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова Швейцариянын Берн шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк почта союзу (ДПУ) тарабынан уюштурулган эл аралык семинарга катышты. Иш-чаранын темасы “Почта тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деп аталып, дүйнөлүк почта тармагында аялдардын ролун жогорулатууга жана дүйнөнүн алдыңкы почта уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга багытталган. Семинардын алкагында Уулжан Масиянова ДПУнун башкы директорунун орун басары Marjan Osvald мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Талкуулар почта тутумдарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана кесипкөй почта тармагында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналды. Уулжан Масиянова 18 жылдан ашык «Кыргыз почтасы» ААКда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалап келет. Учурда ал өндүрүш процесстерин көзөмөлдөйт жана ишканада жаңы менеджмент системаларын жана санариптештирүүнү иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аналитикалык иштерге активдүү катышат. Бул семинар почта тармагындагы инклюзивдүүлүктү жана гендердик теңчиликти жакшыртуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк почта…
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААК менен Eesti Post AS (OMNIVA) кызматташтыгынын жаңы этабы

«Кыргыз почтасы» ААК менен Eesti Post AS (OMNIVA) кызматташтыгынын жаңы этабы

Жанылыктар
Бүгүн 31-октябрь, 2024-жыл «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борбору эл аралык бизнес боюнча вице-президент Свен Кукемельк башында турган Эстония почтасынын делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жана анын командасы Кыргыз Республикасындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, кызматташтыктын олуттуу жогорулагандыгын белгилешти, ошондой эле өлкөнүн ичинде да, Борбордук Азия өлкөлөрүнө да электрондук коммерцияны жеткирүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалына көңүл бурушту. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев жемиштүү кызматташуу үчүн делегация мүчөлөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун аягында ал кызматташуу үчүн ыраазычылык катын тапшырды, бул биздин биргелешкен жетишкендиктерге болгон умтулуубузду билдирет.
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААКтын өнөктөштүгүндө төрт ири завод курулат

“Кыргыз почтасы” ААКтын өнөктөштүгүндө төрт ири завод курулат

Жанылыктар
Нарын облусунда “Эки өлкө-эки парк” демилгесинин алкагында төрт заводдун курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Тактап айтканда, “Нарын-Шумкар” унаа куроочу завод, “Нарын чырак” светодиоддук лампа чыгаруучу завод, “Нарынкагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу завод, айыл чарба дрондорун чыгаруучу “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы курулат. “Кыргыз почтасы” ААК бул долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири. Анткени логистика жагын колго алып, даяр продукцияны Европанын, Борбордук жана Түштүк Азиянын өлкөлөрүнө жеткирип берүү милдетин аткарат. Бул экспорт жана экономикалык кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду түзөт. Ошондой эле "Кыргыз почтасы" ААКнун башкы директору Марат Черикчиев жана анын жалпы командасы ушул иштерди бүгүнкү этапка алып келүү үчүн бир жарым жылдан бери интенсивдүү иш алып барууда. Белгилей кетсек капсулалардын салынышы Нарын облусунда жумушчу орундарды түзүүгө жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүүгө багытталган ири долбоордун башталышы болуп саналат. Заводдор курулуп бүтсө 1000ден 3000ге чейин жумушчу орундары…
Подробнее
Бишкекте “Кыздар IT тармагында” долбоорунун финалисттери сыйланды

Бишкекте “Кыздар IT тармагында” долбоорунун финалисттери сыйланды

Жанылыктар
Бүгүн Бишкекте “Кыргыз почтасы” ААК, “Эне-Балага Тирек” коомдук фондунун жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен Wildberries тарабынан ишке ашырылган “Кыздар IT тармагында”-аталышындагы социалдык долбоорунун финалисттерин салтанаттуу сыйлоо аземи болду. “Кыздар IT тармагында” долбоору Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана заманбап санариптик кесиптерди тез баштоо үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүгө багытталган. Пилоттук долбоорго өлкөнүн 7 облусунан тандалып алынган кесиптик лицейлерден 30 кыз катышты. Тренинг 2024-жылдын жай айларында Wildberries арт-директору Дмитрий Матвеевдин жана компаниянын дизайн жана HR тармагындагы эксперттеринин координациясында өттү. Сыйлык тапшыруу аземине “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору Марат Черикчиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, “Эне-Балага Тирек” коомдук фондунун директорунун орун басары Гүлзат Мурзаканова, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын кызматкери Муса Катаганов, Кыргызстандагы Wildberries компаниясынын башкы директору…
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААК 145 жылдыгын белгилейт

«Кыргыз почтасы» ААК 145 жылдыгын белгилейт

Жанылыктар
2024-жылдын 9-октябрында Novotel мейманканасында Кыргыз Республикасынын Почтасынын түзүлгөндүгүнүн 145 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Мүчөлөрү, өнөктөштөр жана почта кызматынын ардагерлери, ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКнын өкүлдөрү баш болгон 200дөн ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө компания өзүнүн тарыхы, жетишкендиктери жана ийгиликтери менен тааныштырып, конокторго белектерди тартуулайт. Салтанат концерттик программа менен коштолот. Тарых жана жетишкендиктер Кыргызстандын почта кызматынын тарыхы Россия империясы жана СССР түзүлгөндөн башталат. Мындан 145 жыл мурун Пишпек шаарында биринчи почта бөлүмдөрү ачылып, ал алыскы райондор менен борбордук шаарлардын ортосундагы байланышты камсыз кылууда маанилүү роль ойногон. 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын почта кызматы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 1993-жылы өлкө Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун толук кандуу мүчөсү болуп, эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк берген. 1994-жылы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик департаменти…
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААК менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

«Кыргыз почтасы» ААК менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Жанылыктар
2024-жылдын 24-сентябрында «Кыргыз Почтасы» ААКсы жана «Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму» ААКсы камсыздандыруу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө маанилүү меморандумга кол коюшту. Кол коюу салтанаттуу кырдаалда өтүп, «Кыргыз Почтасы» ААКсынын башкы директору Марат Черикчиев жана «МКУ» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеген документке өз кол тамгаларын коюшту. Мындан тышкары, Кыргызгосстрахтын кардарлары эмиөлкө боюнча Кыргыз Почтасынын каалаган филиалында камсыздандыруу полистерин (ОСАГО, ОСЖ) төлөй алышат, мунун өзү процессти бир кыйла жеңилдетип, жарандар үчүн камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүн бир топ жеткиликтүү кылат. Меморандум тажрыйба алмашууну, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүүнү кошкондо, ар кандай багыттардагы өнөктөштүктү карайт. Тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө жана жарандардын кеңири чөйрөсү үчүн камсыздандыруу продукттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга карата даяр экендиктерин да билгизишти.
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААКсы Түрк почтасы менен эл аралык почта кызматын жакшыртуу боюнча келишим түздү

«Кыргыз почтасы» ААКсы Түрк почтасы менен эл аралык почта кызматын жакшыртуу боюнча келишим түздү

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Астанада өткөн Түрк мамлекеттеринин саммитинде жарыяланган демилгесинин алкагында «Кыргыз почтасы» ААКсы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытында маанилүү кадам жасады. Анкарада өткөн Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык стратегиялык форумунун аянтында «Кыргыз почтасы» ААК менен Түркия почтасынын ортосунда келишимге кол коюлду. Бул макулдашуу эл аралык почта жөнөтүүлөрүн алмашууну жакшыртууга, ошондой эле логистикалык жана электрондук коммерция кызматтарына жагымдуу тарифтерди берүүгө багытталган. Форум почта байланышы тармагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана инновациялык чечимдерди түзүүгө көмөктөшүп, почта кызматтары арасында мыкты тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды.
Подробнее
Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун аймактык стратегиялык форуму: Кыргызстан менен Беларусиянын ортосунда келишим түзүлдү

Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун аймактык стратегиялык форуму: Кыргызстан менен Беларусиянын ортосунда келишим түзүлдү

Жанылыктар
2024-жылдын 16-17-сентябрында Анкарада Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун Европа жана Борбордук Азия үчүн аймактык стратегиялык форуму болуп өттү. Иш-чарага алдыңкы эксперттер жана почта байланышынын өкүлдөрү чогулуп, почта инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты. Форумдун алкагында «Кыргыз почтасы» ААК башкы директорунун атынан анын орун басары Уулжан Масиянова Беларусиянын почта кызматы менен келишим түздү. Келишим эл аралык почта алмашууну жакшыртууга багытталган, ошондой эле логистика жана электрондук коммерция кызматтары үчүн төмөндөтүлгөн тарифтерди сунуштайт. «Беларусь почтасы менен кызматташуу бизнес байланыштарды бекемдеп, ишкерлер жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнө ишенебиз. Биздин максат – почта кызматтарын баарына жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу», — дейт Уулжан Масиянова.
Подробнее
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басылды

Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басылды

Жанылыктар
Бүгүн 12-сентябрь Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык юбилейине арналган почта маркасына мөөр басуу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ жана ММК өкүлдөрү катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө 100 жылдык юбилейге арналган эстелик почта маркасына Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев мөөр басышты. Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын тузулгендугунун 100 жылдыгына арналган почта маркасында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон чыгаан инсандар Ишеналы Арабаев, Айдарбек Иманалы, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков жана Жусуп Абдрахмановдун элеси чагылдырылган. Бул эстелик почта маркасы өткөн тарыхыбызды урматтоонун символу болуп, тарыхый окуянын маанилүүлүгүн эске салат. Өз сөзүндө Марат Черикчиев “бул марка биздин өткөн тарыхыбызды таануунун жана…
Подробнее
Кыргыз-түркмөн почта кызматташтыгынын жаңы этабы: стратегиялык келишимге кол коюлду

Кыргыз-түркмөн почта кызматташтыгынын жаңы этабы: стратегиялык келишимге кол коюлду

Жанылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2-ноябрда Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде жарыяланган демилгесинин аркасында бүгүн 11-сентябрда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда почта байланышын жана логистиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам жасалды. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Түркмөнстан почта компаниясынын башкы директору Сердар Оввадов менен онлайн баарлашып, тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшту. Бул келишимдин максаты почталык логистика жана электрондук коммерция тармагында туруктуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү болуп саналат. Түркмөнбашы портуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар логистикалык комплексти колдонуу мүмкүнчүлүгү менен Кытай, Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосунда үзгүлтүксүз логистикалык чынжырды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев белгилегендей, бул келишимге кол коюу эки почта операторунун ортосундагы байланышты бекемдеп гана тим болбостон, Кыргызстан менен Түркмөнстандын жарандары үчүн кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү почта кызматтарын түзүүгө жол…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААК почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүгө белек сертификаттарын таратты

“Кыргыз почтасы” ААК почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүгө белек сертификаттарын таратты

Жанылыктар
Кара-Кыргыз автономдуу областынын 100 жылдыгына карата “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын ичинде акысыз почта таңгактарын жөнөтүү үчүн 500 сомдук 100 белек сертификаттарды белек катары таратты. Ар бир сертификаттын ээси бардык салыктарды кошкондо 500 сомго чейинки суммадагы посылка жөнөтүүгө укуктуу. Сертификатты колдонууда «Кыргыз почтасы» ААК тарабынан белгиленген эрежелерди жана шарттарды сактоо керек.
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААКнун базасында Ош шаарына Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

«Кыргыз почтасы» ААКнун базасында Ош шаарына Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

Жанылыктар
“Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесинин жүрүшүндө Ош шаарындагы “Кыргыз почтасы” ААКсынын базасында Кытай почтасынын СУАР бөлүмүнүн чет элдик кампасын “ЮГ” ММПО ачуу боюнча маанилүү келишимге кол коюлду. Бул келишим Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы каттамдарды тейлей турган, ошондой эле Кытай менен Европанын рынокторун бириктире турган логистикалык хабды түзүүгө багытталган. Долбоордун негизги максаты - почта жөнөтүүлөрүн, экспресс жүктөрдү жана трансчегаралык электрондук коммерцияга тиешелүү товарларды ташуу жана сорттоо эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Бул өз кезегинде чек ара соодасын, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө салым кошушу керек. Кол коюлган кызматташуу келишимине ылайык, тараптар чек ара соодасын өнүктүрүү үчүн Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда атайын логистикалык каттамдарды түзүү аркылуу кызматташууну тереңдетүүнү пландаштырууда. Логистикалык хаб эл аралык почта жана электрондук коммерция товарларын кайра иштетүү үчүн интеграцияланган платформаны камсыздайт, бул B2C логистикасы жана тышкы…
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААК Кашкар ЭЭАдагы логистикалык кампасынан кабар алды

«Кыргыз почтасы» ААК Кашкар ЭЭАдагы логистикалык кампасынан кабар алды

Жанылыктар
«Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия» 14-жарманкесине болгон иш сапарынын алкагында «Кыргыз почтасы» ААКнын жетекчиси Марат Черикчиев жана анын командасы «Кашкар» эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) «Кыргыз почтасы» ААКтын логистикалык кампасында болушту. Эске салсак, логистикалык кампа 2023-жылдын август айында China Post менен биргеликте “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында ачылган. Кампага баруу ЭЭАнын алкагында уюштурулган логистикалык процесстерди текшерүүгө жана «Кыргыз почтасы» ААК менен Кытай почтасынын мындан аркы кызматташуусу, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жолдорун өнүктүрүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди. Бул кызматташтык экономикалык байланыштарды чыңдоого, чек ара соодасына, электрондук коммерцияга жана аймактагы логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган.
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

“Кыргыз почтасы” ААК “Кашкар-Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкесине катышты

Жанылыктар
17-августта Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда “Кашкар Борбордук жана Түштүк Азия” 14-жарманкеси болуп өттү. Көргөзмөгө катышуу үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн жана аймактарынан келген 700 компания өз продукцияларын көрсөтө алышты. Анын арасында “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ да биринчи ирет көргөзмөгө катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө ар тармактуу жолугушуулар, негизги долбоорлорго кол коюу жана сооданы алдыга жылдыруу боюнча бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Xinjiang Martina International Logistics Co., Ltd. 20 жылга жакын убакыттан бери тышкы соода менен алектенет. Ал көптөгөн ата мекендик көргөзмөлөргө катышып, бул жолу ишкана Кашкардагы жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан төрт компаниянын ондогон продукциясын алып келди. Ишкана өткөн жылдагыга караганда көбүрөөк заказдарды жабуу максатында суусундуктарды, кургак жемиштерди, шоколаддарды жана башка азыктарды алып келген. Кашкар Кытайдын пилоттук эркин соода аймактарынын бири. Бул жерде 2005-жылдан бери Кашкар…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ өспүрүмдөр арасында дилбаян сынагын жарыялайт

“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ өспүрүмдөр арасында дилбаян сынагын жарыялайт

Жанылыктар
«Кыргыз почтасы» ААК жана ЮНИСЕФ 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында дилбаян жазуу сынагын жарыялайт. Катышуучулар “Баланын укуктары күнүмдүк жашоодо” деген темада дилбаян жазып, аны почта аркылуу жөнөтүүсү керек. Бул сынак Кыргыз Республикасы Баланын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулганына 30 жылдыгына жана «Кыргыз почтасы» ААКнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Дилбаянда балдар өз укуктары жана бул укуктар аларга күнүмдүк жашоодо кандай жардам берери жөнүндө жазышы керек. Ошондой эле келечектеги кыялдары жана пландары менен бөлүшүп, дүйнөнү жакшыртуу үчүн өз укуктарын кантип пайдалана алаары жөнүндө ой жүргүртүүсү мене бөлүшсө болот. Сынактын катышуучуларынын дилбаяндары жакынкы почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу атайын маркаларды жана конверттерди колдонуу менен акысыз жөнөтө алышат. Анткени бекер жөнөтүү үчүн атайын почта маркалары чыгарылган. Эсселер 2024-жылдын 22-октябрына чейин 720001 Бишкек шаары, Чүй пр., 227 «Кыргыз почтасы» ААК дареги боюнча кабыл алынат. Конвертте…
Подробнее
Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыяланды

Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыяланды

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКму Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун демилгеси менен жыл сайын мектеп окуучуларынын арасында дилбаян жазуу сынагын өткөрүп келет. 2024-жылы “Келечек муундарга, мурас катары калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жазыңыз”-деген темада эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы өткөрүлгөн. Конкурстун жеңүүүлөрү аныкталып, анын арасынан 14 жаштагы Аяна Жолонованын дилбаяны кыргыз почтасы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн. Учурда 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан жеңүүчү аныктала элек бирок Кыргызстандык Аяна Жолонованын дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун официалдык баракчасына жарыялады. Кыргыз окуучусунун дүйнөлүк деңгээлдеги сынакта көзгө түшүүсүнө себепчи болуу бул кыргыз почтасы үчүн чоң жетишкендик. Ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКму Аяна Жолонованын байгелүү орунду алышына тилектештигин билдирет. “Кыргыз почтасы” ААКму тарабынан Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна жөнөтүлгөн Аяна Жолоновнын дилбаяны төмөндөгүчө жазылган. “ Жалал-Абадда кереметтүү Сары-Челек көлү…
Подробнее
“Кыргыз Почтасы” ААКму «Табарман» бизнес аянтчасы менен биргеликте экинчи эл аралык “E -com KG 2024” форумун өткөрдү.

“Кыргыз Почтасы” ААКму «Табарман» бизнес аянтчасы менен биргеликте экинчи эл аралык “E -com KG 2024” форумун өткөрдү.

Жанылыктар
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ошонун ичинде Кыргызстандык ишкерлердин жана өндүрүшчүлөрдүн билим деңгээлин, квалификациясын жогорулатуу ошондой эле онлайн соода аянтчалары аркылуу чек ара соода чөйрөсүндө товарларды жана кызматтарды сатууну көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү максатында «Кыргыз почтасы» ААКму “Табарман” бизнес аянтчасы менен биргеликте 2024-жылдын 26-июлунан 28-июлуна чейин Ысык-Көл облусунунда “E -com KG 2024” эл аралык форумун өткөрдү. Форумга 1000ден ашык адам катыша алды. Бул иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана инноваторлорду, ошондой эле Эстония, Түркмөнстан жана Түркиянын почта уюмдарын бириктирди. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарынан видеоконференция аркылуу ачып берди. Ал өз сөзүндө электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланаарын айтты. Форумда Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн жана логистикалык компаниялардын экспозициялары, электрондук коммерциялык рынокко…
Подробнее
Кытайдын ири логистикалык компаниясы “Кыргыз почтасы” ААКна кызматташууну сунуштады.

Кытайдын ири логистикалык компаниясы “Кыргыз почтасы” ААКна кызматташууну сунуштады.

Жанылыктар
2024-жылдын 18-июлунда Кытайдын Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясынын кызматкерлери “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ менен жолугушту. Жолугушууда Кытайдын ири логистикалык компанияларынын бири болгон Cainiao кыргыз почтасына кызматташууну сунуштады. Иш чаранын жүрүшүндө эки тарап бири-биринин ишмердүүлүктөрү туурасындагы маалыматтар менен видео роликтерди көрсөтүү аркылуу бөлүшүштү. “Кыргыз почтасы “ ААКнун башкы директору Марат Черикчиев кызматташуу туурасындагы сунушка Cainiao Smart Logistics Network Limited логистикалык компаниясы туурасында кененирээк иликтеп, ага ылайык жообун күз айларында айтаары белгилүү болду. Белгилей кетсек Cainiao Smart Logistics Network Limited курьердик кызматтарды күнү-түнү аткарууга адистешкен логистикалык ири компания. Мындан тышкары кампа роботторун жана пилотсуз жеткирүү транспорт каражаттарын иштеп чыгат.
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААКнун жетекчилиги почта ардагерлери менен жолугушту.

“Кыргыз почтасы” ААКнун жетекчилиги почта ардагерлери менен жолугушту.

Жанылыктар
2024-жылдын 18-июлунда “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ почта ардагерлери менен жолугушту. Жолугушууда ишкана башчысы ардагерлерге кыргыз почтасынын ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери жана алдыга коюлган пландары менен бөлүштү. Иш чарада ардагерлер да жетекчиликке өз пикирлерин билдиришип, кеңештери менен бөлүшүштү. Өз сөзүндө Марат Черикчиев алардын айткан кеңештерин кыргыз почтасынын ишмердүүлүгүндө колдоноорун баса белгилеп, аларга терең ыраазычылыгын билдирди.
Подробнее
Абайлаңыз! Шылуундар!

Абайлаңыз! Шылуундар!

Жанылыктар
Урматтуу кесиптештер жана кардарлар. Алдамчылык фактылары көбөйгөндүктөн, сергек жана этият болууну суранабыз. Эскерте кетсек, "Кыргызпочтасы" ААК эч качан жеке маалыматты, сыр сөздү же башка купуя маалыматтарды электрондук почта, Курулуш жана мессенджерлер аркылуу сурабайт. Сураныч, шектүү шилтемелерди чыкылдатпаңыз жана белгисиз жөнөтүүчүлөрдүн электрондук почталарында тиркемелерди ачпаңыз. Эгер сизге шек туудурган билдирүү келсе же жеке маалыматты сурасаңыз, дароо коопсуздукка же техникалык колдоого кабарлаңыз. Дайындарыңызды коргоп, этият болуңуз! Урматтоо менен, ОАО "Кыргызпочтасы"
Подробнее
“Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында 40тан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду.

“Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында 40тан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Жанылыктар
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн "Кытай-Евразия ЭКСПО" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулуктун ортосунда 40тан ашык документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, жалпы суммасы 1,5 миллиард долларды түзгөн эки тараптуу документтерге энергетика, машина куруу, логистика, соода, тоо-кен тармагы сыяктуу тармактарда кол коюлду. Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты. Алар өз тармактары боюнча В2В форматында жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карашты. "Эки өлкө, эки Парк"демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз почтасы ААК, Кашгар КЭР экономикалык өнүктүрүү зонасын башкаруу боюнча комитети жана КЭР инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча Кашгар кытай-кыргыз компаниясы менен бирдикте бир катар долбоорлор боюнча алкактык макулдашууга…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААК жана “Элдик Банк” электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү боюнча Түркия почтасынын түрк компаниясы PtteM менен келишим түзүштү.

“Кыргыз почтасы” ААК жана “Элдик Банк” электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү боюнча Түркия почтасынын түрк компаниясы PtteM менен келишим түзүштү.

Жанылыктар
"Кыргыз почтасы" ААКнун башкы директору Марат Черикчиев "Элдик Банк" ААК Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Ногаев менен бирдикте Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун протоколдук тапшырмасынын алкагында Түркия Республикасына иш сапары менен барды. Бул сапардын жүрүшүндө, 13-июнь, 2024-жылы Түркия почтасынын түрк компаниясы PtteM, "Кыргыз почтасы" ААК жана "Элдик Банк"ортосунда келишимге кол коюлган. Бул макулдашуу Түркиянын продукциясын Кыргызстандын рыногунда ал эми Кыргызстандын продукциясын Түркия рыногунда сатууга мүмкүндүк берүүчү трансчек аралык электрондук соода чөйрөсүндөгү кызматташтыкты билдирет. Түркияда, Кыргызстанда жана аймактык өлкөлөрдө электрондук экспорттун комплекстүү электрондук соода жана логистикалык кызматтары, анын ичинде сатып алуу, комплектөө, иштетүү, заказдарды аткаруу, бажы жагынан жол-жоболоштуруу, бөлүштүрүү жана товарларды кайтаруу көрсөтүлөт. Ошол эле аймактарда төлөм, электрондук коммерциядагы лоялдуулук программалары боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Түркия, Кыргызстан жана аймактык өлкөлөрүндө күнү-түнү көп тилдүү кардарларды колдоо кызматы жеткиликтүү болот. Марат Черикчиев…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААКнун автопаркы электр транспорттору менен толукталат.

“Кыргыз почтасы” ААКнун автопаркы электр транспорттору менен толукталат.

Жанылыктар
2024-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) ортосунда 10 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуу транспорттук логистиканы жакшыртуу жана ESG принциби боюнча климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында «Кыргыз почтасы» ААКнун автопарктарын жаңыртуу үчүн электр транспортторун жана электрдик заряддоо станцияларын киргизүү долбоорун колдоого багытталган. Жалпы инвестициянын 7,5 миллион доллары электромобилдерди сатып алууга жана «Кыргыз почтасы» ААКнун зарыл инфраструктурасын түзүүгө бөлүнгөн. Бул «Кыргыз почтасы» ААКнун Кыргызстандагы эң ири жашыл логистикалык компаниялардын бири болуусуна жана логистикалык тармактын айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет. «Кыргыз почтасы» ААК ESG принциби боюнча иштөөгө ниеттенүүдө (ESG стратегиясы – бул үч негизги факторго негизделген компанияны башкаруу жана өнүктүрүү принциби. Бул факторлор ESG аббревиатурасын түзөт: Environment (экология жана айлана-чөйрө), Social (социалдык өнүгүү), Governance (корпоративдик башкаруу).…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААК 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 100 балага 100 белек ыйгарды.

“Кыргыз почтасы” ААК 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 100 балага 100 белек ыйгарды.

Жанылыктар
Кара- Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдык юбилейине арналган иш-чаралардын негизинде, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата “Кыргыз почтасы” ААК анда иштеген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 100 социалдык белек баштыктарын жана таттууларды тапшырды.
Подробнее
Кытай менен Кыргызстандын ортосунда экономиканы, сооданы жана логистиканы өнүктүрүү боюнча конференция болуп өттү.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда экономиканы, сооданы жана логистиканы өнүктүрүү боюнча конференция болуп өттү.

Жанылыктар
Бүгүн Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасы (Чэнду шаары) менен Кыргыз Республикасынын ортосунда экономиканы, сооданы жана логистиканы өнүктүрүүгө арналган форум болуп өттү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын жана Чэнду шаарынын порттор жана логистика башкармалыгынын, Цинбайцзян аймагынын Өкмөтүнүн жана Чэнду шаарынын муниципалдык элдик Өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду. Форумга "Кыргыз почтасы" ААКнун башкы директору Марат Черикчиев баштаган топ, Чэнду делегациясынын жетекчилери жана мүчөлөрү, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышышты. Бул иш-чарада коноктор салттуу кытай маданиятынын кооздугун сезе алышы үчүн Чэнду шаарынын кооз жерлеринин сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, анда Чэнду шаарынын Заманбап өнүгүүсү баса белгиленген. Ошондой эле Панда Чэнду маданий чыгармалары жана мурастык эмес чыгармалар көрсөтүлдү. Форумдун жүрүшүндө порттор жана логистика муниципалдык башкармалыгы тарабынан Чэнду шаарынын эл аралык коридорун кеңейтүү жана логистикалык…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААК жарыялаган дилбаян сынагынын 1-этабы жыйынтыкталды.

“Кыргыз почтасы” ААК жарыялаган дилбаян сынагынын 1-этабы жыйынтыкталды.

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жарыяланган жаштар арасындагы эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагынын 1-этабы жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандагы баардык шаардык райондук жана айылдык мектептеринен сынакка катышкан окуучулардын дилбаяндары каралып, жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар акыркы коңгуроо күнүнүнө арналган аземде тапшырылды. Сынактын 2-этабы Республикалык деңгээлде 9-октябрь Бүткүл дүйнөлүк почта күнүнө карата өткөрүлөт. Анда байгеге ээ болгон окуучуларга баалуу белектер тапшырылып, Республикалык деңгээлде биринчи орунду алган окуучунун дилбаяны Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна дүйнөлүк масштабдагы сынакка катышуу үчүн жөнөтүлөт. Белгилей кетсек эпистолярдык дилбаян жазуу “жаштардын жазуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүү жана сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү”-максатында жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен өткөрүлөт. Кыргызыстанда быйыл бул сынакка 9 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары “Келечек муундарга, мурас катары калат деп үмүттөнгөн…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААК Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык бюросунун бешинчи деңгээлдеги 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан 29-орунду ээлеп.

“Кыргыз почтасы” ААК Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык бюросунун бешинчи деңгээлдеги 172 мүчө өлкөлөрдүн арасынан 29-орунду ээлеп.

Жанылыктар
Дүйнөлүк почта союзуна мүчө өлкөлөрдүн почта администрацияларынын почталык өнүгүү рейтингинде олуттуу ийгиликтерге жетишти. 2020-жылы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы бул рейтингде 98-орунду ээлесе, 2021-жылы "Кыргыз почтасы" ААКму 65-орунга, ал эми 2022-жылы 60-орунга көтөрүлгөн. Ошентип, акыркы үч жылда "Кыргыз почтасы" 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү.Бул маанилүү натыйжа биздин системалуу аракеттерибиздин жана почта инфраструктурасын активдүү модернизациялоонун аркасында мүмкүн болду, ошондой эле тейлөөнү жакшыртууга, почта жөнөтмөлөрүн тездетип жеткирүүгө жана "Кыргыз почтасы"ААКнун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган көптөгөн жаңы долбоорлор ишке киргизилди. Трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана эл аралык почта алмашууну өткөрүүнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын почта кызматтарынын транспорт каражаттары үчүн "жашыл коридор" түзүлгөн. Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн тез жана натыйжалуу жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн Германия, Австрия, Эстония, Латвияда эл аралык алмашуу жайынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн ачылышы болду. Ошондой эле электрондук коммерция товарларынын почта…
Подробнее
“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери сергек жашоо образында.

“Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери сергек жашоо образында.

Жанылыктар
Калк арасында сергек жашоо образын жана спортту жайылтуу максатында бүгүн Бишкек шаарында «ONE RUN-2024» эл аралык жарым марафону болуп өттү. Марафон эртең мененки саат 7де Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталган. Болжол менен 2000ден ашуун адам катышкан бул иш чарага “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери дагы катышышты. Алар 21,1км, 10км, 5км чакырым аралыкта күч сынашышып, медальдар менен сыйланышты.Жарым марафонду Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, «Run the Silk Road» эл аралык марафонунун дирекциясы, КРнын жеңил атлетика федерациясы жана спорттук массалык иш чаралардын уюштуруучусу -"Баатырлар Лигасы" уюштурган.Белгилей кетсек жарым марафон бир эле учурда Египетте, Бразилияда, Камерунда, Катарда, Кытайда, Бахрейнде, БАЭде, Сербияда, Түркияда, Орусиянын 89 аймагында, Беларуста, Тажикстанда, Кытайда, Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдө өтөрү белгиллүү болгон.
Подробнее
«Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн аймактык семинарга катышышууда.

«Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү Ташкент шаарында өткөн аймактык семинарга катышышууда.

Жанылыктар
13-майда “ операциялык эффективдүүлүктү жогорулатуу жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү”- боюнча аймактык семинар Өзбекистандын Ташкент шаарында өз ишин баштаган. Бул (ORE 3) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн почта коопсуздугу боюнча өткөрүлгөн экинчи семинар. Семинарга “Кыргыз почтасы” ААКнун өкүлдөрү да катышышууда.Семинардын катышуучулары төмөнкү темаларды талкуулашат:🔹 дайындалган операторлор тарабынан ORE долбоорунун улуттук жол карталары жана иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу абалы,🔹катышууга дайындалган операторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо жана сапатын жогорулатуу боюнча аныкталган көйгөйлөрдү талкуулоо,🔹продукт интеграциялык планы жана физикалык кызматын өнүктүрүү,🔹жалпы коопсуздук чаралары, S58/S59 стандарттарын ишке ашыруу,🔹киберкоопсуздук🔹бажы жана укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу.Белгилей кетсек семинарга Дүйнөлүк почта Бирлигинин, регионалдык байланыш Шериктештиги, "ПостЕвропа" почта операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия почта кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 16-майда жыйынтыкталат.
Подробнее
Кыргыз почтасынын желеги “Комсомолец” чокусунда желбиреди.

Кыргыз почтасынын желеги “Комсомолец” чокусунда желбиреди.

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААКнун инвестиция жана өнүктүрүү башкармалыгынын менеджери Рустам Ускенбаев 1-майда Кыргыз почтасынын желегин деңиз деңгээлинен 4202метр бийиктикте жайгашкан “Комсомолец” чокусунда желбиретти. Рустам буга чейин альпинизм менен алектенген эмес. Бул анын багындырган биринчи чокусу.Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Альпинизм жана спорттук альпинизм федерациясы жыл сайын Бишкек шаарында май айынан баштап альпиниада өткөрөт. Ал Комсомолец чокусуна массалык көтөрүлүш менен башталат. Бул жылы Рустам Ускенбаев федерацияга мүчө болууну чечкен. Анын айтымында даярдыксыз чокуга чыгуу оңой болгон эмес, бирок аны багындырган өзгөчө ырахат жана өзүнө болгон ишенимди тартуулаган. Мындан ары альпинизм менен кызуу алектенип, кыргыз почтасынын желегин мындан да бийик чокуларда желбиретүүнү максат кылганын кошумчалады.
Подробнее
«Кыргыз почтасы»: MEGA&RSK Банк менен өнөктөштүк жана улуттук маркетплейстин пайдубалын түптөө.

«Кыргыз почтасы»: MEGA&RSK Банк менен өнөктөштүк жана улуттук маркетплейстин пайдубалын түптөө.

Жанылыктар
MEGA & RSK Банктын кызматташуусу GovFinTech экотутумун өнүктүрүү боюнча кезектеги өнөктөштүккө чыйыр салды, тактап айтканда, «Кыргыз почтасы» ААК менен алака түздү. Ресурстарды бириктирүү, анын негизги компоненттерин: улуттук рынокту, почта жана логистикалык инфраструктураны түзүүнү тез ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Кыргызстанда финтех өнүмдөрүн гана эмес, электрондук коммерцияны да туруктуу өнүктүрүүгө басым жасалмакчы. Кызматташуу долбоорунун кеңсесинде белгиленгендей, бул өнөктөштүк кызматташтыктын ар бир негиздөөчү компаниясынын санариптик экотутумдарын бекемдөө жана «Кыргыз почтасынын» санариптик трансформациясын тездетүү максатында иштелип чыкты.
Подробнее
Кыргызстандагы бизнестин келечеги маркетплейстерде.

Кыргызстандагы бизнестин келечеги маркетплейстерде.

Жанылыктар
28-апрель Бишкек шаарында электрондук коммерцияга көмөк көрсөтүү, ишкерликти онлайн тармагында өнүктүрүүгө дем берүү, экспортту ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү B2B жана B2C платформасы аркылуу ишке ашырууну өнүктүрүу максатында Кыргызстандагы электрондук коммерцияга арналган кезектеги бизнес форум өткөрүлдү. Иш чара Табарман “Кей Джи”ЖЧКнын колдоосу менен “Кыргыз почтасы” ААК, Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Иш чарада маркетплейстердеги бизнестин маанилүү аспектилерине, көйгөйлөрүнө, келечегине жана тренддерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын алкагында товар өндүрүүчүлөрдүн, банк, логистика жана башка айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүчү компаниялардын көргөзмөсү да болду. Форумдун жыйынтыгы боюнча электрондук коммерция рыногунда иштеп жаткан ишкерлерге жана компанияларга номинациялар тапшырылды.
Подробнее
Кыргызстанда автомобилдерди куроочу завод ачылат.

Кыргызстанда автомобилдерди куроочу завод ачылат.

Жанылыктар
“Кыргыз почтасы” ААК, “Нарын” ЭЭА жана “Кашгар” ЭЭА ортосунда түзүлгөн “Эки өлкө, эки парк” демилгесинин алкагында Нарын облусуна автомобилдерди курай турган завод ачылат. Заводду ачуу иштерин баштоо үчүн Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев ортосундагы үч тараптуу Меморандумга кол коюлду. Авто машина курай турган заводду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр 24-апрель “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы кеңсесинде 25-апрель Нарын жергесинде уланып, натыйжада Кашкар «Джиабо» технологиялык компаниясынын башкы директору Хуан Юнци баштаган кытай инвесторлоруна Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунан завод кура турганга ылайыктуу жер тилкелери каралууда. Жери аныкталса завод куруу иштери башталат. Завод курулуп бүтсө Кыргызстандын бренд белгилери менен ар түрдүү (бензин, электр энергиясы, газ менен жүргөн) автомашиналар куралып чыга баштайт. Жергиликтүү элге 100дөн 1000ге чейинки…
Подробнее
Состоялось годовое Общее собрание акционеров ОАО «Кыргыз почтасы»

Состоялось годовое Общее собрание акционеров ОАО «Кыргыз почтасы»

Жанылыктар
25-апреля 2024-года состоялось годовое общее собрание акционеров ОАО “Кыргыз почтасы”. В заседании приняли участие представители Министерства цифрового развития Кыргызской Республики и Министерства финансов Кыргызской Республики, являющиеся акционерами почты. Генеральный директор ОАО «Кыргыз почтасы» Марат Черикчиев выступил с докладом о проделанной работе на 2023 год. На общем собрании в соответствии с повесткой дня был рассмотрен ряд вопросов, которые были единогласно приняты акционерами, в том числе решение о переназначении генерального директора ОАО «Кыргыз почтасы» Марата Черикчиева, а также оставление полученной по итогам финансово-хозяйственной деятельности в 2023 году прибыли на развитие почтовой сети.
Подробнее
«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

«Кыргыз почтасы» ААКнун кызматкерлери «Манас» кубогунун мини-футбол боюнча турнирине катышышты

Жанылыктар
20-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына жана 1-май эмгекчилер күнүнө арналган мамлекеттик ,муниципиалдык кызматкерлеринин арасындагы “Манас” кубогунун мини-футбол боюнча турнири болуп өттү. Турнир Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан уюштурулган. Иш чарага 36 команда-Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, министрликтердин, мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрү, журналисттер жана “Кыргыз почтасы” ААКнун кызматкерлери да катышышты.Мамлекеттик мекемелердин профсоюзунун Борбордук комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей футбол эмгек жамааттарын жана спорттук командаларды бириктирүү максатында уюштурулган жана мындан ары да улантыла бермекчи.
Подробнее
Кашгарда «Кашгар» бонд зонасында индустриалдык парктын ачылышы болду.

Кашгарда «Кашгар» бонд зонасында индустриалдык парктын ачылышы болду.

Жанылыктар
Кашгарда «Кашгар» бонд зонасында индустриалдык парктын ачылышы болду.Буга чейин 2023-жылдын декабрь айында «Кыргыз почтасы» ААК, «Нарын» жана «Кашгар» эркин экономикалык аймактары жана Янтянь порт инвестициялык компаниясынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча төрт тараптуу макулдашууга кол коюлган. Бул келишимдин алкагында 24-январдан тарта Кашгар Экономикалык өнүгүү аймагынын “Эки өлкө, эки парк” долбоору расмий түрдө ишке кирди.“Эки өлкө – эки парк” долбоору – Кашкар комплексинин жабык зонасы менен Кыргызстандын Нарын облусунун эркин экономикалык аймагынын ортосундагы аймакта түзүлгөн индустриалдык парк. Бул долбоор “платформа + парк” жана “мекеме + ишкана” өнүктүрүү моделин ишке ашыруу боюнча пионердик изилдөө, ошондой эле алмашуу жана ачыктык үчүн пионердик демилге болуп саналат. Ошентип, эки тарап тең бири-бирин толуктаган тармактар, өз ара байланышкан объектилер жана өз ара пайдалуу саясаттар менен эл аралык кызматташуу платформасынын иштешин, импорттолуучу жана экспорттолуучу товарлардын категорияларын жана…
Подробнее

12-ФЕВРАЛЬ, 2024-ЖЫЛЫ ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ! ЖЫЛ САЙЫН ДҮЙНӨЛҮК ПОЧТА БИРЛИГИНИН (ДПС) КОЛДООСУ АСТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК ЭПИСТОЛЯРДЫК ЖАЗУУ ЖАЗУУ КОНКУРСУ ӨТӨТ.

Жанылыктар
12-Февраль, 2024-жылы дилбаяндар сынагы башталды! Жыл сайын Дүйнөлүк почта Бирлигинин (ДПС) колдоосу астында эл аралык эпистолярдык Жазуу Жазуу конкурсу өтөт. Дил баяндар сынагын " Кыргыз почтасы "ААК улуттук деңгээлде КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өткөрөт. Эссе конкурсунун шарттары: "150 жылдан бери ДББ дүйнө жүзү боюнча сегиз муундан ашык адамга кызмат кылып келет. Ошондон бери дүйнө абдан өзгөрдү. "Келечек муундарга мураска калат деп үмүттөнгөн дүйнө жөнүндө кат жаз". Жеңүүчүлөргө 1-орун – ноутбук, 2-орун – планшет, 3-орун — уюлдук телефон берилет. Ошондой эле байге фондунда 2000, 1500, 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар каралган. Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөр керек: - Кыргызстанда жашаган 9-15 жаштагы бала болуу; - 2-жылдын 2024-апрелине чейин жашаган жериңиздеги Почта бөлүмү аркылуу дилбаян жазып, жөнөтүңүз; - Дилбаянды кагазга кол менен жазып, дилбаянды ушундай жол менен иштеп чыгуу…
Подробнее

“КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ”ААКНЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮ ҮЧҮН КОМИССИЯДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Жанылыктар
«Кыргызтелеком» ААКтын кызматтары үчүн комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилди «Кыргыз почтасы» ААКсы менен «Кыргызтелеком» ААК ортосунда келишим кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу 2024-жылдын 1-мартынан баштап бардык («Интернет Кыргызтелеком», «Интернет JET», «Телефон Кыргызтелеком»)салыктарды жана жыйымдарды кошкондо 5 сом өлчөмүндө комиссия алынат.
Подробнее
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почтальон кайрадан заманыбыздын каарманына айланат .

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почтальон кайрадан заманыбыздын каарманына айланат .

Жанылыктар
Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан электрондук коммерция боюнча экинчи эл аралык форумдун ачылышында видеоконференция аркылуу билдирди. “Бул маанилүү иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана новаторлорду чогултту. Министрлер Кабинети сооданын бул перспективдүү түрүн өнүктүрүү боюнча чараларды көрүп жаткандыгын белгилегим келет. Анын чындап эле перспективалуу экендигин фактылар көрсөтүп турат. Insider Intelligence (Инсайдер Интеллидженс) маалыматында, 2025-жылга чейин, дүйнөлүк электрондук соода чекене сатуу 50% га өсүшү мүмкүн, ал 7,3 триллион долларга чейин, жалпы чекене сатуунун 24,5% түзөт. Бул 2021-жылы 4,9 триллион долларга салыштырмалуу жалпы чекене сатуунун 19,6% түзөт. Бул форум Кыргызстандагы электрондук коммерция компаниялары дуушар болгон акыркы тенденцияларды жана көйгөйлөрдү…
Подробнее