“Кыргыз почтасы” ААК мектеп окуучулары арасында эпистолярдык жанрдагы эл аралык сынактын башталганын жарыялайт. Сынактын темасы:“Санариптик дүйнөдө адамдардын бири-бири менен баарлашуусу эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу досуңа кат жаз”
Сынак Бүткүл дүйнөлүк почта союзу тарабынан демилгеленип, балдар жана өспүрүмдөр арасында сабаттуулукту, чыгармачыл ой жүгүртүүнү жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Сынакка 9 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алышат. Каттар 2026-жылдын 10-апрелине чейин почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу “БДПСнын эл аралык сынагы” деген белгилөө менен заказдык кат катары кабыл алынат. Сынак эки этапта өтөт — райондук/шаардык жана республикалык. Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт: республикалык деңгээлде ноутбук, планшет жана уюлдук телефон тапшырылат. Биринчи орунду ээлеген катышуучунун иши Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун эл аралык этабына жөнөтүлөт.
































































































































